Парламент аппаратынын жыйыны. Төрага кызматкерлерди саясий оюндардан алыс болууга чакырды
html 23-февралда, Жогорку Кенештин спикери Марлен Маматалиевдин өткөргөн жыйынында парламент аппаратынын иши боюнча маанилүү маселелер талкууланды. Бул тууралуу маалымат парламенттин басма сөз кызматы тарабынан берилди. Жыйынынын башында Марлен Маматалиев жаңы аппарат жетекчиси - Алмасбек Абытовду жамаатка тааныштырды, анын Жогорку Кенеште 18 жылдык тажрыйбасы бар экенин белгиледи.