
2026-жылдын 20-февралында Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов Гананын ошол эле кызматын аркалаган Джеймс Джакье Куайзон менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу маалымат Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен берилди.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн аспектилери талкууланды жана тараптар эки өлкөнүн тышкы саясат ведомстволорунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү активдештирүү зарылдыгына келишти.
Көп тараптуу форумдардагы кызматташууга өзгөчө көңүл бурулду, ошондой эле жогорку деңгээлдеги эки тараптуу визиттерди өткөрүү пландары белгиленди.