Бишкек мэриясынын кызматкери 1 миллион сом өлчөмүндө пара талап кылгандыгы үчүн кармалды
Бишкекте, 19-январда, мэриянын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын кызматкери кармалды. Ал 1 млн сом өлчөмүндөгү пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.