Бишкекте Спорт сарайын реконструкциялоо пландалууда — мэрияга каражат табуу тапшырылды
Жогорку Кенештин илим, билим, инновациялар, маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин 19-январда өткөн жыйынында депутат Болот Сагынаев Бишкектеги Спорт сарайынын абалын талкуулоону сунуштады. Талкуу учурунда, Мамлекеттик физикалык маданият жана спорт агенттигинин директору Казыбек Молдажиевге кайрылып, учурда көптөгөн спорттук имараттар жаңыланып жатканын жана «Жаштык-Арена» жыл бою пландалган спорттук жана маданий иш-чараларга толугу менен даяр экенин