Торобаев: 2026-жылы тамчы менен сугаруу 21 миң гектарга киргизилет
Суу ресурстары, айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайы министри Бакыт Торобаев Жогорку Кеңештин агрардык саясат, экология жана суу ресурстарын башкарууга арналган комитетинин жыйынында, жазгы талаа иштерине даярдык боюнча отчетун сунуштады. Анын айтымында, 2026-жылы 893 жаңы скважинаны пайдаланууга берүү пландалууда. Даярдык алкагында министрлик 203 бирдик айыл чарба техникасын камсыз кылды, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кошумча 1 миңден ашык техника даярдады. Торобаев 139