
Суу ресурстары, айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайы министри Бакыт Торобаев Жогорку Кеңештин агрардык саясат, экология жана суу ресурстарын башкарууга арналган комитетинин жыйынында, жазгы талаа иштерине даярдык боюнча отчетун сунуштады.
Анын айтымында, 2026-жылы 893 жаңы скважинаны пайдаланууга берүү пландалууда. Даярдык алкагында министрлик 203 бирдик айыл чарба техникасын камсыз кылды, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кошумча 1 миңден ашык техника даярдады.
Торобаев 139 объектте сугаруу системаларын долбоорлоо жана куруу боюнча иштер жүргүзүлөөрүн кошумчалады. Ал ошондой эле тамчы менен сугаруу 21 миң гектар жерге киргизилээрин белгиледи, анын ичинен 5 миң 200 гектар мамлекет тарабынан каржыланат, ал эми 14 миң 740 гектар фермерлердин эсебинен.
«Азыркы учурда 57 миң тонна уруктар даярдалды, бул зарыл болгон көлөмдүн 82,5% ын түзөт. Айрым өсүмдүктөр, мисалы, соя, тамеки жана күрүч боюнча камсыздоо 100% га жетет. 2026-жылга отургузуу үчүн 22 питомникте 15 миллион 37 миң көчөт даярдалды», — деди министр.