ШОС жана БУУ жаңы түрдөгү наркотиктерге каршы күчтөрүн бириктирүүдө
11-мартта Вена шаарында БУУнун наркотиктер боюнча комиссиясынын 69- сессиясы алкагында «Жаңы синтетикалык наркотиктер жана психоактивдүү заттар боюнча эрте эскертүү системаларын өнүктүрүү: БУУ жана ШОСтун ролу» темасына арналган атайын жогорку деңгээлдеги иш-чара өттү. Кыргызстандын мыйзамсыз наркотиктер менен күрөшүү кызматынын маалыматына ылайык, бул иш-чара 2026-жылы Шанхай кызматташтык уюмунун төрагасы болуп турган Кыргызстан тарабынан уюштурулган, ШОСтун жана БУУнун НПУнун секретариатынын