Британия агенттиги Ош шаарында айланма жол курууга кызыкдар
Сүйлөшүү учурунда кызматташтыктын келечеги, билим берүү, спорт, шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү маселелери талкууланды.
Шаар башчысы британдык UK Export Finance агенттиги менен өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди. Ал аталган агенттиктин финансылык колдоосу менен шаарды айлануучу заманбап жолду куруу долбоорун ишке ашырууну сунуштады.
Бул долбоорду ишке ашыруу транспорт агымдарын оптималдаштырууга, тыгындарды азайтууга жана транзиттик транспортту шаардан тышкары багыттоого мүмкүнчүлүк берет, бул өз кезегинде жол кыймылын коопсуздугун жогорулатат деп белгиленди.
Тараптар Ош менен Улуу Британиянын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоону улантууга жана келечекте экономика, инвестициялар жана инфраструктура тармагында биргелешкен долбоорлор үчүн мүмкүнчүлүктөрдү изилдөөгө кызыкдар экенин билдиришти.