
Чон-Кемин өрөөнүндө 11-июлда «Кар барысы ЭкоФест – Кемин 2026» аттуу фестиваль өтөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Табигый ресурстар министрлиги билдирет.
Министрликтен белгилешкендей, бул фестиваль кар барысын коргоого коомдук көңүл бурууну тартууга, өлкөнүн бийик тоолуу табиятынын символу болгон кар барысын сактоого, ошондой эле экологиялык инициативаларды колдоого жана бул региондо туруктуу туризмди өнүктүрүүгө багытталган.