Баткен районунда 121 бала оор шарттарда жашап жатат
Баткен районунун аймагында оор абалдагы 35 үй-бүлө аныкталды. Өтө кыйын шартта жашаган балдардын жалпы саны 121. Баткен райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын начальниги Алмазбек Эрмамат уулунун маалыматына ылайык, учурда кризистик абалдагы үй-бүлөлөрдү жана балдарды аныктоо үчүн үйлөрдү кыдыруу улантылууда.