Министрликтин маалыматына ылайык, конкурс бир нече багыттарды камтыйт:
- дебюттук кино долбоорлор;
- арт-хаус (автордук) фильмдер;
- тарыхый тасмалар;
- ко-продукциялык (биргелешкен) долбоорлор.
Конкурска катышуучулар катары Кыргызстанда катталган юридикалык жактар, мисалы, продакшн-студиялар, чыгармачылык топтор жана башка уюмдар катыша алышат. Каралууга кабыл алынган сценарийлер кыргыз тилинде жазылган жана «американка» форматында түзүлгөн болушу керек.
Сценарийлерди баалоо он критерий боюнча жүргүзүлөт, анын ичинде идеянын оригиналдуулугу, сюжеттин структурасы, каармандардын өнүгүшү, көркөм деңгээли, тилдик нормаларга ылайыктык, автордук индивидуалдуулук жана башка аспектилер.
Конкурс үчүн арыздарды кабыл алуу 17-июлга чейин уланат.