Саламаттык сактоо министринин орун басары Бакытбек Кадыралиев 2024-жылы цирроз жана онкологияга алып келиши мүмкүн болгон 21 195 оорулуунун катталганын маалымдады. 2025-жылы оорулардын саны 8 555ти түздү, анын ичинде:
- гепатит A - 8 415;
- гепатит B - 75;
- гепатит C - 56;
- гепатит D - 9.
Гепатит менен күрөшүүгө 2026-жылы 492 млн 460 миң сом бөлүнгөн.Зарарлануу учурларын азайтуу үчүн Торобекова нике түзүүдөн мурун медициналык текшерүүнү милдеттүү киргизүүнү сунуштады. Анын айтымында, Өзбекстанда бул практика ийгиликтүү колдонулуп, бир партнёрдун экинчисин жугузуусун алдын алууга мүмкүндүк берет.
"Мисалы, Москвада кээ бир жаштар жугуштуу ооруларды жугузуп, анан Кыргызстанга кайтып келип, үйлөнүшөт, ал эми алардын ата-энелери бул тууралуу билип туруп, эч нерсе айтпайт. Натыйжада, жубайы жугуштуу ооруну жугузуп алат. Ошондой эле, жарандарды маалымдап, жеткиликтүү окуу видеолорун түзүү керек. Жаш муун көбүнчө жугуштуу оорулардын жугуу жолдору жөнүндө маалыматы жок. Мисалы, жигиттер атасынын бритвасын колдонсо, бул да жугуштуруп алууга алып келиши мүмкүн. Мигранттардын жугуштуу оорулар менен кайтып келүүсүн көзөмөлдөөнү күчөтүү маанилүү, анткени алар ВИЧти да жугузуп келиши мүмкүн," - деп кошумчалады депутат.