Талантбек Иманов Караколдун активине жаңы мэр катары сунушталды
11-мартта Ысык-Көл облусунда жайгашкан Каракол шаарында жаңы мэр Талантбек Имановдун жергиликтүү активге расмий тааныштырылышы болду. Иш-чарада Кыргызстандын президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов катышуучуларды президент Садыр Жапаровдун жаңы мэрди дайындоо боюнча жарлыгы менен тааныштырды.