Манас шаарында 40 жаштагы аял көз жумду
Манас шаарында трагедиялык окуя болду: 40 жаштагы аял өз үйүндө асылып калган бойдон табылды. Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы берген маалыматка ылайык, окуя 2026-жылдын 10-январында катталган. Манас шаардык ички иштер бөлүмүнүн дежурдук бөлүмүнө тез жардам кызматы тарабынан 1985-жылы туулган И.В. өз үйүндө өлгөн абалда табылганы тууралуу билдирүү келип түшкөн.