Бишкекте темир жолду көчүрбөйт
Интернеттен алынган сүрөт
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, темир жол генералдык планда альтернативдүү вариант катары каралууда, атап айтканда, шаардык электричка катары. Ошондуктан темир жол инфраструктурасын чыгаруу жана жолдорду жоюу максатка ылайык эмес деп табылган.
Мындан тышкары, документте темир жолдорду кесип өтүүчү бардык негизги көчөлөрдө көпүрөлөрдү куруу каралган. Бул шаардагы ар түрдүү райондордун байланыштарын жакшыртууга, транспорт тыгындарын азайтууга жана көчө тармактарынын өткөрүмдүүлүгүн жогорулатууга жардам бериши керек.