

2026-жылы электр энергиясынын бир киловатт-саат өндүрүшүнүн баасы 3 сом 3 тыйын болот. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин Топливо-энергетикалык комплексти жөнгө салуу департаментинин директору Тимур Орозалиев «Кабар» агенттигинин «Элден Собол» программасына берген интервьюсунда билдирди.
Анын айтымында, ушул жылдын 1-майына чейин эл үчүн электр энергиясынын тарифтери 1 сом 37 тыйын, ал эми ушул датадан кийин 1 сом 64 тыйынга көтөрүлөт. Бул жогорулатууну эске алганда да, жарандар үчүн тарифтер электр энергиясына болгон чыныгы чыгымдардын болгону 45%ын жабат.
«НЭСК» акционердик коомунун коммерциялык маселелер боюнча орун басары Уланбек Дуйшо уулу Кыргызстанда Борбордук Азиядагы эң төмөнкү тарифтердин бири иштеп жатканын белгиледи. Ал коңшу өлкөлөрдөгү тарифтердин мисалдарын келтирди: Казакстанда 4,31 сомдон 5,54 сомго чейин, Өзбекстанда 4,30 сомдон 7,30 сомго чейин, Тажикстанда 3,16 сомдон 3,60 сомго чейин өзгөрөт.
«Биздин тарифтер дагы деле коңшуларыбыздан 2-3 эсе төмөн», - деп баса белгиледи Уланбек Дуйшо уулу.
