Кыргызстанда мектептердин негизинде стоматологиялык кабинеттер тармагын уюштурууну пландаштырууда
Кыргызстанда мектептердин негизинде стоматологиялык кабинеттер тармагын түзүү пландалууда. Бул билдирүүнү Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы штаттан тышкаркы стоматологу Гулмайрам Ибраимова жасады. Анын айтымында, 2025-жылдын февралында Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Билим берүү министрлигинин ортосунда балдардын стоматологиялык ооруларынын алдын алуу боюнча биргелешип иш алып баруу максатында ведомстволор аралык келишимге кол коюлган.