
Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов, жаңы ГП «Кыргызфармация» жетекчиси Болот Жунусовду тааныштырганда, дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн «Эл Аман» дарыканалар тармагын масштабдуу реструктуризациялоо пландарын билдирди.
Министрдин айтымында, жакынкы айларда «Кыргызфармация» 2 млрд сомдук мамлекеттик кредит тартууну пландаштырууда.
«Бул каражаттын 500 млн сому «Эл Аман» дарыканалар тармагын колдоо жана өнүктүрүү үчүн бөлүнөт. Биздин негизги максатыбыз – жарандарды сапаттуу жана жеткиликтүү дары-дармектер менен камсыздоо», - деп баса белгиледи министр.