Кабминдин башчысы мамлекеттик маанидеги инфраструктуралык долбоорлорду каржылоого кызыкдар компаниянын өкүлдөрүн кабыл алды
Жиында компаниянын өкүлдөрү Кыргызстанда мамлекеттик мааниге ээ инфратүзүм долбоорлорун каржылоого эл аралык инвесторлорду тартууга кызыгуусун билдиришти. Мындан тышкары, Европа мамлекеттеринен жеке жана юридикалык жактарды банктык жана корпоративдик кызматтарга тартуу маселеси талкууланды, бул эркин экономикалык зона жана «Edelweiss» банкынын алкагында ишке ашырылат. Эркин экономикалык зонанын түзүлүшү ОАО «Майлуу-Сууйский ламповый завод» жайгашкан аймакта артыкчылыкка ээ болоору такталды.