
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы электр приборлорунун мыйзамсыз киргизилишин алдын алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы маалымат берди.
Бузуулар кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Жол» бажы постунда аныкталды. Текшерүүнүн жүрүшүндө зарыл коштоочу документтерсиз Dyson маркасындагы электр жабдыктарын ташып бара жаткан эки транспорт каражаты токтотулду.
Аныкталган жүктөрдүн ичинде 44 фен жана 66 плойка бар эле. Алдын ала баалоолор боюнча, кармалып алынган продукциянын жалпы баасы 5 миллион сомдон ашат.
Аныкталган бузуу боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, унаалар айып тута турган жайга коюлду.