
Октябрь райондук администрациясынын аппаратынын жетекчиси болуп Бекжан Эркинбекович Ниязов дайындалды.
Баш калаанын мэриясындагы булактардан маалым болгондой, ал буга чейин Октябрь акиматында уюштуруу жана көзөмөл бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеген.
Дайындап коюуну Бишкек мэри Айбек Джунушалиев бекитип, тиешелүү буйрукка кол койгон.