ЖК комитети «Баатыр эне» ордени бар энелердин балдарына билим берүү боюнча жеңилдик берүү долбоорун жактырды
Депутат Медер Чотонов бул долбоор «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин эмгегин таануу, билимге тең мүмкүнчүлүктү камсыздоо, үй-бүлөнү жана балалыкты колдоо, үй-бүлө институтун бекемдөө жана демографиялык өнүгүүгө көмөктөшүү максатында иштелип чыкканын белгиледи.
Долбоордун алкагында «Баатыр эне» орденине ээ энелердин балдары биринчи жогорку билим алууда контракттык негизде билим алуу акысынын 50% өлчөмүндө мамлекеттик билим берүү жеңилдиктерин ала алышат.
Бул жобонун демилгечилери арасында депутаттар: Медер Чотонов, Исманали Жороев, Бахридин Шабазов, Нуржамал Торобекова, Жылдыз Эгенбердиева, Гүлнара Баатырова, Эдита Тайгараева жана Болот Сагынаев бар.
Дагы окуңуз:
ЖКда «Баатыр эне» ордену менен сыйланган энелердин балдарына билим алуу үчүн 50% жеңилдик берүүгө макулдашылды
Социалдык маселелер, эмгек, саламаттык сактоо жана аялдар иштери боюнча комитет Жогорку Кеңеште...
Без изображения
Олимпиадчылар үчүн жеңилдиктер жана билим алуу үчүн ваучерлер: Министрлик жогорку окуу жайларына кабыл алуу эрежелерине өзгөртүүлөрдү сунуштайт
Министерство илик, жогорку билим берүү жана инновациялар Кыргыз Республикасынын коомдук талкууга...