Кыргызстанда кар барыстарынын саны 550дөн ашты
Кар барысы өлкөнүн расмий символу болду Кыргызстанда кар барысынын популяциясы 550дөн ашты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин агрардык саясат, экология жана табигый ресурстарды пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл боюнча орун басар министри Асель Раимкулова билдирди. Ал ошондой эле кар барысы Кыргыз Республикасының улуттук символу катары расмий түрдө таанылганын, анын логотиби жана колдонуу эрежелери бекитилгенин белгиледи.