
Жол курулушу боюнча № 41 ишкананын жетекчиси Нургазы Доолотовдун түшүндүрмөсүнө ылайык, бул участкта кыймыл 10 күндөн 2 жумага чейин токтотулушу мүмкүн. Бул жонордон таштардын кайра түшүү коркунучунун улануусуна байланыштуу.


Учурда ишкананын адистери тоо жонорлорунун абалын мониторингдеп жатышат.
Мындан тышкары, Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 39-километри, Кара-Ункур капчыгайында кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Жылуу аба ырайы кээ бир участкаларда кичине өзүнөн-өзү түшүүлөргө алып келүүдө.
Жүргүнчүлөргө 500 метрден кем эмес аралыкты сактоо жана Жол кыймылынын эрежелерине так сактоону сунушталат.