
Кант шаарында ломбард кызматкери акча каражатын уурдоо жана ысыраптоо боюнча шектелип кармалды, деп билдирет Чүй облусунун ИИБнин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 11-январында Ысык-Ата районунун ИИБне 24 жаштагы жаранка Ц.К. арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн кесиптеши, ломбардда «У.П.» эксперт-баалоочу-кассир болуп иштеген жаранка С.М. тууралуу билдирген. С.М. материалдык жоопкерчиликтүү адам катары жалган насыяларды даярдап, жогору бааларды белгилеген.
Текшерүү органдарынын маалыматы боюнча, 2024-жылдын ноябрынан 2025-жылдын 31-декабрына чейин С.М. 4 миллион сомду уурдагандан кийин кармалган.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 210-беренеси (Материалдык мүлктү уурдоо жана ысыраптоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
1986-жылы төрөлгөн жаранка С.М. кармалып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык убактылуу кармоо жайына жайгаштырылган.
Текшерүү уланууда.