
Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, 11-январда Ысык-Ата районунун Ички иштер бөлүмүнө 1999-жылы туулган, Ц.К. аттуу жаш аял кайрылып, Канттагы ломбарддын кызматкерине чара көрүүнү өтүнгөн.
Тергөө учурунда 36 жаштагы С.М. эксперт-баалоочу-кассир кызматында иштеп, материалдык жактан жооптуу адам катары жогорку баадагы жалган насыяларды түзүп, акча каражаттарын өзүнө ыйгарып алгандыгы аныкталды.
Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын сүрөтү
Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүү 2024-жылдын ноябрынан 2025-жылдын 31-декабрына чейин болжол менен 4 миллион сомду уурдап алганы мүмкүн.
Бул жагдайлар боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси "Мүлктү ыйгарып алуу жана кыянаттык менен пайдалануу" боюнча кылмыш иши козголду.
Шектүү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин нормаларына ылайык кармалып, убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды. Тергөө уланууда.