Кара-Кече көмүр разрезинен «Кыргызкомур» базасына 2025-жылы 624 миң тонна көмүр жеткирилди, - Минэнерго
- 25-январда энергетика министри Таалайбек Ибраев Балыкчыдагы «Кыргызкомур» филиалын зыярат кылып, учурдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алды. Көмүр базасынын директору Адилет Эсенов министрге Балыкчыдагы жүктөө-ажыратуу пунктунун (ЖАП) иши тууралуу айтып берди. Учурда ЖАПда Бишкектин жылуулук электр борбору (ЖЭБ) үчүн 26 миң тонна штыб-көмүр, ошондой эле шаардык көмүр базалары үчүн 2 миң тонна сорттук көмүр сакталууда.