
Архивден алынган сүрөт
Атазов 2025-жылдын күзүндө массалык башаламандык уюштуруу боюнча шектелип камакка алынган.
Жакында башка экс-депутат Кубанычбек Кадыров да камактан бошотулганы тууралуу маалымат тарады.
Эскерте кетсек, 2025-жылдын 22-ноябрында массалык кармоолор болгон, ал кезде Ички иштер министрлиги Жогорку Кеңештин шайлоосунан кийин башаламандык уюштурууну пландаштырган деструктивдүү топтун аракеттерин токтотконун билдирген. Операциянын алкагында бир катар саясатчылар, экс-депутаттар жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу кармалган. Жалпысынан укук коргоо органдары 10 адамдын кармалганын билдиришкен, алар кийин соттун чечими менен камакка алынган:
- Темирлан Султанбеков;
- Шайлообек Атазов;
- Эрмек Эрматов (айрым маалыматтар боюнча, ал Темирлан Султанбековдун айдоочусу болгон);
- Дамир Мусакеев (мурдагы ГКНБнын Тогузунчу кызматтын жетекчиси жана атайын кызматтардын орун басары, ошондой эле Алмазбек Атамбаевдин мамлекеттик коргоо жетекчиси);
- Кадыр Атамбаев (Алмазбек Атамбаевдин уулу);
- Урмат Аскарбеков (белгүү бизнесмен Урмат Барыктабасов);
- Кубанычбек Кадыров (экс-депутат);
- А. у. Э., 1993-жылы туулган;
- К.Н., 1993-жылы туулган;
- Ш.Т., 1986-жылы туулган.
Аларга Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 36-беренеси «Кылмышка даярдануу», 41-беренеси «Кошо кылмышкерлердин түрлөрү», 278-беренеси «Массалык башаламандык уюштуруу» жана 326-беренеси «Күч менен бийликти басып алуу» боюнча айыптар коюлган.