Регионалдык бизнес «Кепилдик фонддон» 85% кепилдик алды
«Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйында башкармалыктын төрагасы Малик-Айдар Абакиров 85% кепилдиктер жергиликтүү ишкерлерге берилгенин билдирди.
Анын айтымында, фонддун 66% ресурстары айыл чарба, кайра иштетүү, өнөр жай, туризм жана ипотекалык кредит берүү сыяктуу экономикасынын негизги секторлорун колдоого багытталган.
«Биз аялдардын жана жаштардын ишкердигин колдоого өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Бул демилгелерге жалпы кепилдиктердин 40% бөлүнгөн, натыйжада 586,2 млн сомдук 658 кепилдик берилди, бул 2,5 млрд сомдук кредиттерди тартууга мүмкүндүк берди. Бул жылы биз аялдарга жана жаштарга өз бизнесин активдүү өнүктүрүүгө жардам берүүчү атайын программаларды иштеп жатабыз», — деп кошумчалады ал.
Эл аралык долбоорлорду ишке ашыруу жана инвестицияларды тартуу боюнча суроолорго жооп берип жатып, Абакиров Дүйнөлүк банк тарабынан колдоого алынган үч долбоор тууралуу айтып берди, алардын экөө уже аяктаган.
«32 млн долларлык портфель кепилдиктери боюнча долбоор өткөн жылы, пландаштырылган мөөнөттөн бир жарым жыл мурда ийгиликтүү аяктады жана жогорку баа алды — highly satisfactory. Ошондой эле Дүйнөлүк банк менен 59 млн долларлык жашыл кепилдиктерди берүү боюнча келишим түзүлдү, бул долбоордун практикалык ишке ашыруусу 2026-жылдын экинчи кварталында башталат», — деп билдирди төрага.
Окшош материалдар:
