ЖК комитети «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү үч окууда жактырды
Экономика жана соода министри Бакыт Сыдыков мыйзам долбоорунун максаты республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын мамлекеттик сатып алуулар процессинде натыйжалуу жана рационалдуу пайдалануу экенин билдирди. Сунушталган өзгөртүүлөрдүн маанилүү аспектилери мамлекеттик сатып алуулар процедураларын оптимизациялоо жана жөнөкөйлөтүү болуп саналат.
Мыйзам долбоорунун алкагында мамлекеттик сатып алуулар контекстинде мамлекеттик тапшырма түшүнүгү киргизилет, бул мамлекеттин негизги стратегиялык милдеттерин чечүүгө мүмкүндүк берет. Мамлекеттик тапшырманы аткаруу мамлекеттик заказчы менен аткаруучунун ортосундагы жарандык-укуктук келишим аркылуу ишке ашырылат деп пландалууда.
Окшош материалдар:
