Долгдордон Манас шаарында 1,5 млн сомдон ашык салык карызы өндүрүлдү
Манас шаарында У.Н.Т. аттуу карыздардан 1 590 317 сомдук салык карызын өндүрүү иши жүргүзүлдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Сот аткаруучулары кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, Манас шаардык соту тарабынан 2025-жылдын 14-августунда берилген аткаруу листи көрсөтүлгөн сумманы Манас шаарынын Мамлекеттик салык кызматынын пайдасына өндүрүүнү караган.