
Бул жылы Бишкекте 278 жаңы темир-бетон опорун орнотуу пландалган. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги бул тууралуу маалымдады.
Министрликтин маалыматы боюнча, 2026-жылга чейин жаңы опорлор электр тармактарынын төмөнкү райондорунда орнотулат:
- Чыгыш РЭС – 50 опор
- Батыш РЭС – 103 опор
- Түндүк РЭС – 125 опор
«1960–1970-жылдары орнотулган жыгач опорлорду алмаштыруу зарыл болуп калды, анткени алардын көпчүлүгү кызмат мөөнөтүн өтүп, авариялык абалда», - деп белгиленет маалыматта.
Ошондой эле, 2025-жылы 671ден ашык темир-бетон опору орнотулгандыгы айтылат.