Кара-Суу районунун тургундары айылдын жанындагы асфальт-бетон заводуна нааразы болушууда
Депутат экология жана санитардык зыянды текшерүүнү сунуштады. Жогорку Кенештин жыйынында депутат Гулай Машрапова Кара-Суу районунда жайгашкан асфальтобетон заводунун маселесин көтөрдү. Ал завод 2025-жылы «Вега Строй» компаниясы тарабынан Манас айылынын аймагында, Беш-Мойнок айылына 300 метр аралыкта курулганын белгиледи. Завод ачылган күндөн тарта жергиликтүү тургундар түтүндөн нааразычылыгын билдиришүүдө, анткени ал алардын жашаган жерине таасир этүүдө жана ыңгайсыздык жаратууда. Гулай