Кара-Суу районунун тургундары айылдын жанындагы асфальт-бетон заводуна нааразы болушууда
Жогорку Кенештин жыйынында депутат Гулай Машрапова Кара-Суу районунда жайгашкан асфальтобетон заводунун маселесин көтөрдү.
Ал завод 2025-жылы «Вега Строй» компаниясы тарабынан Манас айылынын аймагында, Беш-Мойнок айылына 300 метр аралыкта курулганын белгиледи. Завод ачылган күндөн тарта жергиликтүү тургундар түтүндөн нааразычылыгын билдиришүүдө, анткени ал алардын жашаган жерине таасир этүүдө жана ыңгайсыздык жаратууда.
Гулай Машрапова 20-декабрда заводдун жаман аба ырайы себептүү убактылуу ишин токтотконун, бирок аба ырайы жылынса, ишин кайра жандантуу пландалганын кошумчалады.
Жогоруда айтылганга байланыштуу, депутат президенттин жана Министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго заводдун айлана-чөйрөгө жана адамдардын ден соолугуна тийгизген таасирин баалоо үчүн атайын комиссия түзүүнү жана бул маселени жеке көзөмөлгө алууну өтүндү.
Фото www
Дагы окуңуз:
Без изображения
Самый жаш аким Кыргызстана — кайда иштейт жана жашайт
Кыргызстанда 44 район бар, алардын ичинен төртөө Бишкек шаарында жайгашкан. Акимдерди дайындоо жана...