ИЗО музейинде «Тоолор кулаганда: Советтик Кыргызстандагы пейзаж искусствосу» лекциясы өтөт
Маданият министрлигинин маалымат кызматынын маалыматына ылайык, иш-чара «Башка пейзаж. Искусство, тарых, экология» көргөзмөсүнүн алкагында англис тилинде өтөт.
Лекциянын жүрүшүндө Дварецкас кыргыз искусствосундагы пейзаж жанрынын өзгөчөлүктөрүн, социалисттик реализмдин жергиликтүү экологиялык аспекттер жана маданий мотивдер менен кандайча өз ара байланышта болгонун изилдейт. Ал маанай, түстүү палитра жана орнамент советтик идеалдарга жооп берген уникалдуу көркөм форманы түзгөнүн жана ошол эле учурда кыргыз идентичдүүлүгүн бекемдөөгө жардам бергенин белгилейт.
Бул лекция ошондой эле казак жана кыргыз искусствосуна арналган диссертациялык изилдөөсүнүн бир бөлүгү болуп саналат.
Стефани Р. Дварецкас «Башка пейзаж. Искусство, тарых, экология» көргөзмөсүнүн со-куратору болуп иштейт жана Ратгерс университетинин искусствонун тарыхы кафедрасында аспирант. Ал Циммерли көркөм музейинде Нортон жана Нэнси Додж тарабынан жыйналган Советтик Союздун нонконформисттик искусствосунун коллекциясын изилдеп жаткан Dodge Avenir программасынын стипендиаты. Дварецкас Чикаго институтунун искусство мектебинде искусствонун тарыхы, теориясы жана сын-пикири боюнча магистр даражасына ээ, ошондой эле Массачусетс искусств жана дизайн колледжинде көркөм искусстванын бакалавр даражасын алган.