Даффинин маалыматына ылайык, Кыргызстандык айдоочу катышкан жол кырсыгынан кийин, АКШнын Автомобиль ташууларын коопсуздук башкармалыгы (FMCSA) бир катар чараларды кабыл алды:
- айдоочунун жумуш берүүчүсү болгон AJ Partners компаниясынын иши токтотулду;
- AJ Partners менен байланышкан дагы эки ташуучу — Tutash Express жана Sam Express компанияларынын иши да токтотулду;
- айдоочуга коммерциялык айдоочу укуктарын (CDL) берген Aydana автошколасынын сертификаты жокко чыгарылды.
Министр текшерүүлөр уланууда экенин жана федералдык бийликтер мыйзам бузууга катыштыгы бар бардык адамдарды жоопкерчиликке тартууну пландаштырууда экенин белгиледи.
Tutash Express жана Sam Express Inc компаниялары Кыргызстандык мигранттар тарабынан башкарылат деген маалымат бар.
Темага байланыштуу окуңуз Смертельное ДТП в США. МИД взял на особый контроль ситуацию с кыргызстанцем
Учурда Кыргызстандыктар менен байланышкан башка жүк ташуучу компаниялар да текшерилүүдө.
Эскертүү катары, 3-февралда Индианада Кыргызстандык Бекжан Бейшекеев кармалган, ал төрт адамдын өлүмүнө алып келген жол кырсыгына катыштыгы бар деп айыпталууда. Полициянын маалыматы боюнча, анын жүк ташуучу унаасы каршы тилкеге чыгып, фургон менен кагышкан.