Кыргызстандын лабораториялары ILAC эл аралык таанууга ээ болду
Экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин экологиялык мониторинг департаментинин курамына кирген лабораториялар, эл аралык стандартка ылайык ГОСТ ISO/IEC 17025-2019 боюнча аккредитациядан ийгиликтүү өттү. Министрликтин маалымат кызматы берген маалыматка ылайык, алар эми ILAC (International Laboratory Accreditation Cooperation) белгисин колдонууга укуктуу, бул жогорку сапатты символдойт жана 70 өлкөдө 43 миңден ашык лабораторияларды бириктирет.