
Ирандагы нефт сактоочу жайларда болгон акыркы жарылыктар атмосферага токсикалык заттардын чыгарылышына алып келди, бул калк үчүн потенциалдуу коркунучту жаратууда. Бул тууралуу экологиячы Анара Султангазиева «Кабар» агенттигине берген интервьюсунда билдирди.

«Бул түтүн жерге жаан же кар менен түшсө, экосистемага коркунуч туудурат. Бул адамдарда, анын ичинде дем алуу органдарынын ооруларына алып келиши мүмкүн. Окуялардын себептерине карабастан, абал өтө тынчсыздандырат. Эл аралык коомчулук бул көйгөйгө көңүл бурушу керек», - деп баса белгиледи экологиячы.
Жогорку Кеңештин агрардык саясатка, экологияга жана региондук өнүгүүгө арналган комитетинин жыйынында депутат Махабат Мавлянова химиялык чыгарылыштарды жана алардын Борбордук Азияга тийгизген таасирин мониторингдөө зарылдыгын билдирди.

