Бишкекте "түтүндөгөн" авто ээлерин жазага тартты
Бишкекте текшерүүлөр жүргүзүлүп, натыйжада атмосферага 50% жогору булгануу заттарын чыгарган эки унаа табылды. Бул тууралуу Табигый ресурстар министрлиги маалымдады.
Бул транспорт каражаттарынын ээлерине карата административдик протоколдор түзүлдү. Жыйынтыкта салынган айыппулдардын жалпы суммасы 15 000 сомду түздү.
Министрликтен билдиришкендей, рейд Бишкек шаардык экологиялык көзөмөл башкармалыгынын инспекторлору менен патрулдук милиция кызматкерлеринин биргелешип уюштурулган. Бул текшерүүлөрдүн негизги максаты – борбордогу аба сапатын жакшыртуу, булгануунун деңгээлин төмөндөтүү жана автоунаа айдоочуларынын экологиялык жоопкерчилигин жогорулатуу.
Дагы окуңуз:
Без изображения
Бишкекте 35 аңчыларды жана аңчылык адистерди браконьерчиликке каршы күрөшкөндүгү үчүн сыйлашты. Тизмеси
Бишкекте 3-мартта браконьерликке каршы күрөшкө чоң салым кошкон егерлер жана активисттер үчүн XII...
Түтүн газдары менен булгануу. Бишкекте үч унаанын ээлерин жазага тартты
19-февралда Бишкекте Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан...