
Прокуратура мамлекеттик менчикке мыйзамсыз жеке колго берилген складдык имараттары бар жер участогун кайтарганын билдирди. Бул участогунун баасы 16 млн 948 миң 600 сомду түзөт.
0,34 гектар аянты бар участок мурда Талас районунун ветеринардык кызмат башкармалыгына таандык болгон.
Жер мыйзамдарын сактоо боюнча текшерүү учурунда 1996-жылы бул участок мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилгени аныкталды.
Прокурордун кийлигишүүсүнүн натыйжасында жер участогу жана ага байланыштуу бардык объектилер мамлекеттин менчигине кайтарылды.