
Жер жеке адамдарга мыйзамсыз сатылган
Бишкекте мамлекетке кайтарылган жердин аянты 10,72 гектарга көбөйдү, ал мыйзамсыз түрдө жеке колго өткөрүлгөн. Бул тууралуу Башкы прокуратура 10-мартта билдирген.
Жер мыйзамдарын сактоо боюнча текшерүү жүргүзгөн Аламудун районунун прокуратурасы 2006-жылы Таш-Добон айылдык аймагынын аймагында жайгашкан жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке адамдарга сатылганын аныктады. Учурда бул жер тилкеси Бишкек шаарынын административдик аймагына кирет.
Кайтарылган жер тилкесинин базар баасы 9 миллиард 161 миллион 526 миң 400 сомду түзөт.
Сүрөт www