
Тергөө учурунда мыйзамсыз сатылган жер участокторун легалдаштыруу үчүн мамлекеттик комиссиялар аркылуу жер амнистиясы боюнча талаштуу маселелерди чечүү процедуралары колдонулгандыгы аныкталды. Учурда кармалгандар ГКНБнын СИЗОсуна жайгаштырылды.
Укук коргоо органдары кылмыштуу ишмердүүлүктүн бардык жагдайларын, анын ичинде мыйзамсыз алынган каражаттын жалпы суммасын жана мүмкүн болгон шериктештерди аныктоону улантууда.