Сузакта жасалма токтомдор аркылуу айыл өкмөтү 700 миңден 1,5 миллион сомго чейин жерлерди саткан, - ГКНБ
Тергөө маалыматтарына ылайык, «Сузак тазалык коому» муниципалдык ишканасынын директору М.И. жана анын шериги С.Н. айыл өкмөтүнүн жасалма токтомдорун колдонуп, жер участкаларын сатууга аракет кылышкан. Алар Благовещенка айылында жеке турак жай куруу үчүн участокторду алуу боюнча жардам берүүгө убада берип, аларды жарандарга 700 миңден 1,5 миллион сомго чейин баада сатышкан.
Мыйзамсыз алынган участокторду легалдаштыруу үчүн шектүүлөр мамлекеттик жер амнистиясы боюнча комиссиялар аркылуу талаштуу маселелерди карап чыгуу процедураларына кайрылышкан.
Кылмыш ишинин алкагында эки шектүү кармалып, УКМКнын тергөө изоляторуна киргизилген, тергөө уланууда.
Дагы окуңуз:
Сузак районунда мыйзамсыз жер тилкелерин сатуу схемасы токтотулду
Текшерүү-оперативдик иш-чаралардын жүрүшүндө муниципалдык ишкананын директору М.И. С.Н. менен...
Без изображения
Жылдын жыйынтыктары Tazabekтен. 2024-жылы Кыргызстандагы 30 миңден ашык ишканалар дээрлик 800 млрд сом табыш тапты
- 2024-жылы 30 миңден ашык ишканалар жана уюмдар реалдуу экономика секторунда иштеп жатты. Жылдын...
Без изображения
Айзат Досоева Ак-Моюн Ат-Баши районунун айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалды
Досоева Айзат Тураровна Ак-Моюн айыл аймагынын башчысы болуп дайындалды Ат-Баши районунун Нарын...