Жогорку Кенеш Жумгалбек Шабданбековдун ГКНБнын жетекчилигине талапкерлигин жактырды
Өткөн жыйында Жогорку Кенештин депутаттары Жумгалбек Шабданбековдун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилигине талапкерлигин бир добуштан колдошту. Президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Бектур Зулпиев берген маалыматка ылайык, Жумгалбек Кумарович Шабданбеков 1970-жылы Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылында төрөлгөн. Ал 1991-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин аяктаган жогорку билимге ээ, ал эми