

Аламудун райондук мамлекеттик администрациясында коллегиянын жыйыны өтүп жатат, анын алкагында Чүй облусунун 2025-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары талданып, 2026-жылга пландар белгиленет.
Аймактагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Азамат Осмонов жыйында аткарылган иштердин баасы берилерин, облустун жетишкендиктери талданып, келерки жылга негизги багыттар аныкталарын белгиледи.
Жыйында үч негизги маселе каралууда: өткөн жылдагы Чүй облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын чыгаруу, жазгы талаа жана ирригация иштерине даярдык, ошондой эле 2025-жылдагы райондук администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруу дисциплинасын талдоо.
Жыйында өкмөт башчынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев, ошондой эле райондордун жетекчилери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышууда.