ЕАЭС өлкөлөрүнүн ИДПсы 4 жылда 11%га өстү, - ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Сагинтаев
Анын айтымында, 2020-жылдан 2024-жылга чейин ЕАЭС өлкөлөрүнүн жалпы ички продуктусу (ЖИП) 11%га өскөн. Ошол эле учурда өнөр жай сектору 15%га, ал эми айыл чарба 10%га өсүш көрсөткөн.
2025-жылга карата ЕАЭСтин негизги экономикалык көрсөткүчтөрү оң натыйжаларды көрсөтүүнү улантууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, өткөн жылдын жыйынтыгы менен катышуучу өлкөлөрдүн ЖИПу 1,7%га өскөн.
Мындан тышкары, Союз мамлекеттери арасында улуттук валюталарда эсептешүүлөрдүн үлүшү 93%ды түздү.
«Евразиялык «бештиктин» бизнес чөйрөлөрүнүн интеграциялык процесстерге тартылышы улуттук экономикалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн маанилүү фактор болуп саналат», - деп белгиледи Бакытжан Сагинтаев.