КР ТИМде орус-кыргыз дипломатия терминдеринин сөздүгү сунушталды
2026-жылдын 30-январында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин имаратында «Эл аралык мамилелер жана дипломатия чөйрөсүндөгү орус-кыргыз терминдер сөздүгү» аттуу жаңы сөздүктүн презентациясы өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти. Иш-чарада тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, ошондой эле Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, Тышкы иштер министрлигинин