КРда ИИ жана блокчейн технологиялары боюнча кадрларды даярдоого ниеттенишет
Жакында илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинде калктын санариптик жана финансылык сабаттуулугун жогорулатууга, ошондой эле жасалма интеллект жана блокчейн технологиялары боюнча адистерди даярдоого арналган жумушчу топтун жыйыны өттү. Иш-чарага жумушчу топтун мүчөлөрү, виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин секретариатынын өкүлдөрү, ошондой эле виртуалдык активдер рыногунун ассоциациясынын катышуучулары жана жогорку окуу