Баткен облусунда быйыл 54 587 акылдуу эсептегич орнотулат
Министрликтин маалыматына ылайык, эсептегичтерди орнотуу КР Энергетика министрлиги тарабынан башталган реформалардын алкагында жана электр энергиясын эсепке алуу жана өткөрүү системасын автоматташтыруу процессинде ишке ашырылууда.
«Акылдуу» эсептегичтерди орнотууну Баткен электр тармактары ишке ашырат.
Облус боюнча райондорго пландалган орнотуу көлөмдөрү төмөнкүчө:
• Кызыл-Кыйын электр тармактары — 10 150 даана
• Кадамжай электр тармактары — 14 530 даана
• Лейлек электр тармактары — 14 105 даана
• Сулюкта электр тармактары — 15 193 даана
Бүгүнкү күндө Баткен электр тармактарында 130 668 абонент катталган, алардын арасында:
• 121 149 — үй-бүлөлүк абоненттер,
• 9 519 — үй-бүлөлүк эмес абоненттер.
2024-2025-жылдары региондо 62 085 интеллектуалдык эсептегич орнотулганын белгилеп кетүү керек. Баткен району, Баткен шаары жана Кызыл-Кия шаары азыркы учурда заманбап эсептөө приборлору менен толук камсыздалган.
Бул масштабдуу долбоор ОАО «НЭСК» тарабынан Дүйнөлүк банкнын колдоосу менен ишке ашырылууда. Негизги максат — өлкөнүн энергетикалык секторун модернизациялоо, санариптик башкаруу системасын жакшыртуу жана электр энергиясын эффективдүү пайдаланууну камсыздоо.
Эгерде электр энергиясы менен камсыздоо боюнча суроолоруңуз болсо, 24 сааттык колл-борборго кайрылсаңыз болот:
Колл-борбордун номерлери: 105.
Мобилдик телефондор:
0221 33-36-02 — Баткен РЭС
0772 46-04-01 — Сулюкта РЭС
0221 55-54-78 — Лейлек РЭС
0221 55-54-68 — Кадамжай РЭС
0773 94-07-07 — Кызыл-Кия РЭС.
Дагы окуңуз:
Баткен облусунда 54 587 «акылдуу» эсептегич орнотулат
2026-жылы Баткен облусунда 54 587 "акылдуу" эсептегич (АСКУЭ) орнотууну пландаштырууда,...
Энергетиктер Баткен облусунда суукка байланыштуу күчөтүлгөн режимде иштешүүдө
Баткен облусунда температуранын кескин төмөндөшүнө байланыштуу энергетиктер жогорулатылган иш...
Күтүлгөн суукка байланыштуу энергетиктер электр тармактарына көзөмөлдү күчөттү
Күтүлгөн суукка байланыштуу, Энергетика министрлиги электр тармактарынын абалына көзөмөлдү күчөтүү...
Без изображения
2026-жылы Баткенде жогорку чыңалуу линияларындагы 8,7 миңден ашык эски изоляторлор алмаштырылат
2026-жылы Баткен облусунда 8 772 эски изоляторду алмаштыруу пландалууда. Бул демилге энергетика...
Баткенде 1400 км жогорку вольттуу аба линиялары оңдоп-түзөө иштерине алынат
Баткен облусундагы ОАО “НЭС Кыргызстан” филиалында 220/110/35 кВ чыңалуу менен иштеген жогорку...
Энергетиктер Баткен облусунда суук түшкөндүктөн күчөтүлгөн режимге өтүштү
html Электр тармактарынын кызматкерлери Баткен облусундагы катуу суукка байланыштуу жогорку...
Чектөөлөр, кубаттуулукту төмөндөтүү жана импорт. Энергетиктер үчүн кыш кандай өтүүдө
Кыш аяктоого жакын, жана 2025/26 жылдын жылуулук сезону аяктап жатат. Бул мезгилдин башында...