Кыргызстанда сөз эркиндигин Министрлер кабинетинин башчысы жана ОБСЕнин өкүлү талкуулашты
Венада (Австрия) Кыргызстандын маданият министри Мирбек Мамбеталиевдин ОБСЕнин маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча жооптуу өкүлү Ян Брату менен жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маданият министрлигинин маалымат кызматынын сүрөтү Талкуу учурунда тараптар Кыргызстандагы медиа тармагынын учурдагы абалын жана пикир билдирүү эркиндигине байланыштуу маанилүү маселелерди карашты.